Адептүүлүктүн башаты-татыктуу тарбия
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинде ЖББ ПЦКсында "Адептүүлүктүн башаты -татыктуу тарбия" аттуу ата -энелер чогулушу өткөрүлдү. Чогулушту ЭЮКтун директору э.и.д. профессор А.Б.Карбекова ачты.
Чогулушта 2024-2025-окуу жылына карата жүргүзүлүүчү иштер,билим жаатындагы көрсөткүчтөр, олимпиада, коомдук иштерге студенттердин активдүү катышуусу жана тартиби, ар кандай маселелер боюнча сөз сүйлөдү. Окуу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары А.Акылбековна AVN порталы боюнча ата энелердин көзөмөлдөөсүн,модулдардын жоболору боюнча түшүндүрдү.Өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси Н.А. Айылчиева өндүрүштүк практика боюнча кеңири маалымат берди.Ошондой эле жалпы билим берүү ПЦКсынын төрагасы М.Асанова жана тайпа жетекчилери студенттердин катышуу, жетишүүсү, тартиби, сабакка кечигип келүүлөрү жана башка маселелер боюнча сүйлөшүү иштерин жүргүзүштү. Чогулуштун жүрүшүндө ата -энелер тарабынан суроолор берилип, сунуш-пикирлер,каалоо тилектер айтылды.
Чогулуштун соңунда тайпа жетекчилери да жекече чогулуштарды өтүшүп, ата энелерге балдарынын катышуу, жетишүүсү, тартиби боюнча маалымат беришти.