Ачык сабак
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун ЭЮКтун жалпы билим берүү ПЦКсынын физика дисциплинасынын окутуучусу Г.М. Барпиева БЭк-3-24 тайпасына "Архимед күчү"-деген темада ачык сабак өттү.
Сабактын максаты
Студенттерге өз доорундагы эң улуу окумуштуулардын бири болгон Архимеддин "Архимед күчү" закону менен тааныштыруу, анын иштөө принциптерин жана турмушта колдонулуусун түшүндүрдү. Студенттер креативдүү чыгармачылыктары менен эксперименттерди жүргүзүү аркылуу суунун көтөрүү күчүнүн табиятын изилдөө көндүмдөрүн өнүктүрүштү. Окутуучу сабакта интерактивдүү методдорду колдонуу менен жеткиликтүү сабак өттү. Студенттер кызыктуу маалыматтарды алышты. Сабак максатына жетти.