1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

35

КАРЫСЫ БАРДЫН - ЫРЫСЫ БАР

Ар жылы 1-октябрда дүйнө жүзү боюнча Эл аралык карыялар күнү белгиленет. Бул күн – жашоосун эл-журтуна арнаган, талыкпай эмгектенген, бай тажрыйбасын кийинки муунга калтырган улуу муундагы адамдарды урматтоо күнү.Карыялар – ар бир үй-бүлөнүн, коомдун тиреги. Алардын акыл-насааты, турмуштук тажрыйбасы жаш муун үчүн чоң мектеп. Элде “Карысы бар үй – куту бар” деген накыл бекеринен айтылган эмес. Чоң ата, чоң энелерибиз үй-бүлөнү ынтымакка чакырып, каада-салтын, нарк-насилди сактап келет.Бул күн бизди улуу муунга болгон сүйүүбүздү, ыраазычылыгыбызды көрсөтүүгө чакырат. Аларга көңүл буруп, мээрим тартуулоо – ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Жылына бир гана күн эмес, күн сайын аларды эстеп, абал-саламатын сурап, жардам берип туруу – адамгерчиликтин белгиси.Мекенибиздин өнүгүшүнө эмгек сиңирген ардагерлерибиздин салымы өзгөчө. Алардын талыкпас эмгеги, мекенге болгон берилгендиги урпактарга үлгү болуп кала берет.Карыялар күнү – улуттук баалуулуктарыбызды даңазалап, кадырлуу муунга терең урмат көрсөтүүнүн күнү. Бул күн ар бирибизге ата-энеге, улууларга болгон сый-урматыбызды арттырып, боорукерлик менен мээримге чакырат.