1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

71

"ТИЛ-ТАРЫХ, ТИЛ-МУРАС, ТИЛ-КЕЛЕЧЕК" АТАЛЫШЫНДАГЫ ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 36 жылдыгына карата Б.Осмонов атындагы "Жалал-Абад мамлекеттик университети" илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунда "Тил-тарых, тил-мурас, тил-келечек" аталышындагы иш-чара уюштурулуп, институттун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттердин катышуусунда өткөрүлдү. Иш-чарада көркөм окуу, дубал гезит даярдоо, 3 минуталык видео ролик даярдоо жана Манас айтуу багыттары боюнча сынак да уюштурулуп, жыйынтыгы чыгарылды. Алдыңкы көрсөткүчтөргө жетишкен студенттер I, II, III даражадагы дипломдор менен сыйланышты.