1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

91

УЛУТ СЫЙМЫГЫ – КОМУЗ!

9-сентябрь-Комуз күнүнө карата Э. Уметов атындагы педагогикалык институту тарабынан комуз көргөзмөсү уюштурулду. Көргөзмөнү институттун директору, ф.и.д., профессор Г.С.Токоева ачып, өз сөзүндө комуздун кыргыз элинин турмушундагы ролуна кеңири токтолуп өтүү менен, белгилүү комузчулар Карамолдо Орозов, Токтогул Сатылганов, Ниязаалы Борошев, Ыбрай Туманов, Атай Огомбаев сыяктуу залкар инсандарыбыз кыргыз күүсүн байытып, улуттук маданиятыбызды жана баалуулуктарыбызды сактап, муундан-муунга рух табериги катары өткөрүп  келишкенинин баса белгилеп өттү.

Комуз көргөзмөсү студенттер тарбынан “Манас” айтуу менен башталды. Андан соң комуздун жана улуттук музыкалык аспаптардын түрлөрү, тарыхы жана улуттук маданиятыбыздагы орду кенен баяндалып, кыргыз комузунун улуулугу даңазаланды. Көргөзмөнүн соңунда институттун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери тарбынан комуз жана улуттук музыкалык аспаптардын коштоосунда комуз күүлөрү аткарылды.