1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

42

1

Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинде «Менин кесибим – менин келечегим» аттуу конкурс уюштурулду

2025-жылдын 2-июнунда Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин студенттеринин бүтүрүүчү группаларынын арасында өз алдынча кесиптик ишмердүүлүккө болгон мотивацияны жогорулатуу, келечектеги кесибине туруктуу кызыгууну калыптандыруу, кесиптик жана карьералык өсүшүнө дем берүү максатында «Менин кесибим – менин келечегим» аттуу конкурс өткөрүлдү. Иш-чара окуу жайдын түптөлгөндүгүнүн 102 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 36 жылдыгына карата жана КРнын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу максатында уюштурулду.   

Конкурска Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин тарых, башкаруунун автоматташтырылган системалары, математика, физика-информатика профилинин бүтүрүүчү тайпалары катышты.

Конкурстун шарттарына ылайык “Кесибим менен даңктанам” аттуу келечектеги кесиби тууралуу презентациялар жасалды.  Адистиктер тууралуу видеороликтердин конкурсу өттү. Адистерде белгилүү болгон окумуштуулардын, белгилүү инсандардын бейнесин ачып берилди. Ошондой эле  “Улутум менен даңктанам, уңгу жол менен уланам” деген аталыштагы  улуттук каада-салт, элдик баалуулуктар даңазалоо максатында кыргыздын каада-салты көрсөтүлдү. “Кош жылдыз болуп жанабыз” аттуу бөлүктө студенттер менен окутуучулардын биргелешкен  элдик жана заманбап ырларды аткаруусу кызыктуу өттү.

Конкурсту баалоо үчүн ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практика бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент З.С.Калыбекова, инновациялык мектептин директору, э.и.к., доцент А.Ш.Макеева, ЖАПКнын карьера жана практика боюнча директордун орун басары У.Кайкиева, ЭЮКтун окутуучусу Ниязбек уулу Исабек атайын калыстар тобунун курамында иштеп  баалап беришти.

Конкурс студенттердин илимий изилдөө жана практикалык ишмердүүлүгүнө карата өз алдынчалыкты, инициативалуулукту жана таанып билүү кызыкчылыктарын калыптандырууга жакшы өбөлгөлөрдү түзүп берди.

Жыйынтыгында тарых адистиги 1-орунду, физика-информатика – 2-орунду, математика – 3-орунга жетишти. Конкурстун жыйынтыгы боюнча  жеңүүчүлөр 1-2- 3-даражадагы дипломдор жана  баалуу белектер менен сыйланышты.

Конкурстун катышуучуларына, бүтүрүүчү студенттерге, профессордук-окутуучулук жамаатка ыраазычылык билдиребиз. Бүтүрүүчү курстарга ак жол каалайбыз. Келечекте иштей турган кесибинде ийгиликтерди жаратып, элибиз үчүн кызмат кыла беришсин!