Май айындагы маанилүү иш сапар

Үстүбүздөгү жылдын 30.04 нөн 04.05 ге чейин EYFOR 16. Эл аралык тажрыйба алмашуу максатында Түрциянын билим берүү министирлиги тарабынан уюштурулган “Бүткүл дүйнөлүк түрк элдеринин билим берүү тармагын өнүктүрүү”деген аталыштагы эл аралык билим берүү форуму болуп өттү. Бул форумга Европадан, Түрк мамлекеттеринен окумуштуулар катышышты. Алардын арасында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин бир катар окумуштуулары п.и.д.,профессор Т.Э.Уметов, ф.и.д.,профессор Г.С.Токоева, п.и.к., доцент Б.М.Турдубаева, э.и.к., доцент А.Ш.Макеева жана т.и.к.,доцент Г.А.Анарбаевалар активдүү катышышып мазмундуу илимий баяндамаларын жасашып окумуштуулар менен ар түрдүү тармактарда баарлашышты. Айрыкча Кыргызстандан барган окумуштуулар Манастан үзүндү айтышканда катышуучулар кызуу кол чаап, колдошуп кабыл алышты. Бул иш чарага катышууга чоң мүмкүнчүлүк түзүп берген университетибиздин ректору т.и.д., профессор К.Ж.Усенов го терең ыраазычылык билдирүү менен мындан ары да университетибизде зор ийгиликтерди жаратып, өсүп өнүгүшүнө жакшы шарттар түзүлө бермекчи.