Белгилүү окумуштуу, тарых илимдеринин доктору, профессор Абылабек Асанканов ЖАМУда...

2024-жылдын 5-ноябрында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жаны башкы имаратында белгилүү окумуштуу, тарых илимдеринин доктору, профессор А.Асанканов менен окуу жайдын жетекчилиги, эмгек жамааты, студент-магистранттары ортосунда жолугушуу болуп, анда А.Асанканов жана А.Эркебаевдердин авторлугунда жарык көргөн "Межэтнический конфликт в июне 2010 года на юге Кыргызстана" деп аталган китебинин презентациясы болуп өттү. Сөзүнүн башында эле А.Асанканов эмгек жамаатты заманбап жаңы корпустун ачылышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады. Андан ары китептин мазмунунун урунттуу учурлары катары төмөнкү тыянактарды белгиледи:
1. Конфликти жана анын себептерин толук иликтеп чыгуу үчүн Түштүк Кыргызстанга 2010-жылдын 27-июнунда келип, конфликт болгон жана болбогон айылдарга барганга туура келди, минден ашуун күбөлөр менен сүйлөшүп, маалыматтар алынды;
2. Китепте колдон келишинче маалыматтар берилгени менен бул окуя толук изилденип бүттү дегендикке жатпайт;
3. Мындай маанидеги китепти жазсамбы же жөн эле койсомбу деген ой көпкө чейин ойлонтту, акыры мындай окуялар башка кайталанбасын деген максатта китепти жазууга түрткү болду;
4. Конфликттин июнь айында башталганынын негизги себеби - өлкөдөгү 7-апрелдеги саясий окуялар, алардын арты менен ишке ашкан бийлик алмашуу, баш-аламандык, өлкөдөгү айрым этникалык топтордун бийликти ыктап алгандыгы болгон;
5. Конфликтте женүүчү тарап да, женилүүчү тарап да болгон жок;
6. Убактылуу Өкмөттүн башка иштер менен алек болуп калышы конфликттин жайылышына жана күчөп кетишине шарт түзгөн;
7. Конфликтте байланышы бар дээлген 5000 дей адамга кылмыш иши козголуп, анын 10 гана пайызы тергелип, калганы ошо бойдон жабылган;
8. Мындай маанидеги конфликттердин ар 20, 30 жылда кайталанып турушу, бийликтин алсыз болгондугу, саясий кризистер менен байланыштуу болот;
9. Мындай трагедиялуу конфликттер өлкөбүздө эч качан болбосун деген ой - китепти жазуунун типкү максаты болду;
10. Достук, ынтымак, бир туугандык мамилелердин ар убак ишке ашып турушу - этностор аралык ынтымыкты орнотуучу зор каражаттар саналат.
Иш-чаранын жүрүшүндө "Дүйнөлүк туруктуу өнүгүү" концепциясынын айрым маселелери, билим-берүүнү өркүндөтүү, кыргыз жараны ж.б. боюнча кызыктуу суроо-жооптор болду.
Урматтуу Абылабек Асанканович илимий ишинизде ийгиликтер арбый берсин!