1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Жаңылыктар

7 месяцев назад

92

1

Мааракенин маанисин ачкан лекция

2023-жылдын 24-октябрында 2024-жылы Кыргызстанда “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Президентинин №270 Жарлыгы кабыл алынгандыгы маалым. Бул  тагдыр чечээр тарыхый окуя ошол учурдагы Борбордук Азияда мамлекеттик, улуттук-аймактык бөлүштүрүү саясатынын натыйжасы  болгондугу белгилүү. Бүгүнкү эгемендүү мамлекетибиздин башаты болгон Кара-Кыргыз автономиялуу облусунүн түзүлүшү дал ушул жараян менен байланыштуу экендиги талашсыз. Филология факультетинин орус филологиясы кафедрасы  тарабынан уюштурулган конок лекцияда т.и.к., доцент Э.А.Авазов тарабынан “АЛГАЧКЫ СОВЕТТИК УЛУТТУК МАМЛЕКЕТТЕРДИН ЖАРАЛЫШЫНЫН АЙРЫМ ЖАГДАЙЛАРЫ (ККАОнун мисалында) деген темада илимий  өңүттө талдоого алынган  жагдайлар баяндалды. Лекциянын жүрүшү фото-документалдык булактар менен презентацияланды. Айрыкча,  Облаткомдун төрагасы А.Орозбековдун ишмердүүлүгүн көрсөтүүдө аталган инсандын  кыргыз жаштарынын билим алуусу үчүн болгон күч аракеттерин жумшап, педагогикалык кадрларды даярдоочу техникумдардын иш алып баруусуна көңүл бургандыгы белгиленди. Мында ЖАМУнун башаты болгон педагогикалык техникумдун ошол учурдагы бараандуу окуу жайлардын бири болгондугуна токтолуп, аталган техникумдун 4-бүтүрүүчүлөрүнүн катарында  белгилүү советтик-партиялык ишмер, КАССРдын  БАКнын төрагасы  Абдыкадыр  Орозбековдун ардактуу студент катары сүрөтү орун алгандыгы боюнча кызыктуу табылга маалымдалды. Алгачкы  кыргыз ишмерлеринин жана интеллигенциясынын   улуттук мамлекеттүүлүктү түптөөдөгү  тагдырларынын окшоштугу, баары репрессиянын курмандыктарына айланышкандыгын белгилөө менен алардын мекен алдындагы  кызматтарын эстен чыгарбастан жүрүү келечек муундардын парзы экендиги баса белгиленди. Жыйынтыгында  жалпысынан алганда бир катар кемчиликтерге карабастан улуттук, мамлекеттик, аймактык жиктештирүү саясатынын жыйынтыгы катары бүгүнкү учурдагы эгемен республикалардын жаралышы болгондугун, айрым кемчиликтер  болгондугуна карабастан келечек үчүн  туура кадам болгон деп эсептөөгө боло тургандыгын белгилеп жыйынтыктады.

Суроо-жооп учурунун жүрүшүндө тарых кафедрасынын профессору Э.Сулайманов лекциянын материалдарынын маанилүүлүгүн белгилөө менен мамлекеттүүлүк маселесинде изилденүүчү жагдайлардын айрымдарын белгилеп, лекторго ийгилик каалады. Соңунда орус филологиясы кафедрасынын башчысы доцент. А.Жусупова мазмундуу баяндамасы үчүн доцент Э.А.Авазовго жана жалпы эле тарых кафедрасынын жамаатына ыраазчылык билдирди.

Эрнис Абдыманаповичке чыгармачылык эргүү, бекем ден-соолук каалайбыз...