1. Башкы бет
  2. Илимий - изилдөө институттары
  3. Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар илим-изилдөө институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

69

"МАНАС" - ГРАФИКАЛЫК, ЖИВОПИСТИК ЭМГЕКТЕРДЕ

Ош шаарындагы Бабур атындагы облустук драма театрында Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жоомарт Кадыралиевдин 80 жылдыгына арналган «Жоомарт жолу – Манаста» аттуу иш-чара өттү.

Иш-чара «Манас» улуттук академиясынын президенти, Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Назира Аалы кызынын демилгеси менен уюштурулуп, анда сүрөтчүнүн «Манас» эпосун графика жана живопись өнөрү аркылуу чагылдырган эмгеги белгиленди.

Жыйындын жүрүшүндө белгилүү манасчылар Абдыманап Сапаралиев менен Алимбай Маатов манас айтып беришти. Ошондой эле «Жоомарт жолу – Манаста» аттуу сүрөт китебинин бет ачары болуп, музейдин санариптик презентациясы көрсөтүлдү.

Иш-чарага ЖАМУнун өкүлү, манастаануучу Кубанычбек Калчакеев катышып, эпосту изилдөө жана жайылтуу багытындагы ойлору менен бөлүштү.