1. Башкы бет
  2. Илимий - изилдөө институттары
  3. Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар илим-изилдөө институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

37

"Эл аралык кызматташтыктын алкагындагы окуу иш-сапары".

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий билим берүү өндүрүштүк комплекси менен Андижан мамлекеттик университетинин (Өзбекстан Республикасы) ортосундагы түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүк жана өз ара кызматташуу келишимин ишке ашыруу максатында, 2026-жылдын 13-14-апрель күндөрү Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун өкүлдөрү Андижан шаарында иш сапарында болушту. Академиялык мобилдүүлүк жана тажрыйба алмашуу программасынын алкагында «Табигый-илимий билим берүү» кафедрасынын башчысы, айыл чарба илимдеринин кандидаты, доцент Б. Ж. Жээнбекова "Өсүмдүктөрдүн анатомиясы жана морфологиясы" дисцплинасынан жана кафедранын улук окутуучусу М. Э. Сатканкулова "Органикалык химия" дисциплинасынан конок лекция уюштурулду.

Конок лекциялар заманбап билим берүү технологияларын колдонуу менен, табигый илимдердин актуалдуу маселелери боюнча жогорку илимий-методикалык деңгээлде өткөрүлдү. Окуу процесси боюнча студенттер менен активдүү диалог, суроо-жооп жана практикалык тажрыйба алмашуу форматында ишке ашты. Лекция учурунда эки окуу жайдын окутуу усулдарындагы өзгөчөлүктөр жана илимий интеграциянын келечектүү багыттары талкууланды.