1. Башкы бет
  2. Илимий - изилдөө институттары
  3. Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар илим-изилдөө институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

41

Бүгүнкү окуучулар - эртеңки кесип ээлери . 

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети (ЖАМУ) — ондогон жылдар бою өлкөбүздүн бардык аймактарында суроо-талапка ээ болгон кесипкөй адистерди даярдап келген бай тарыхы бар окуу жай. Университеттин түзүмүндө дарыгерлерди даярдоо өзгөчө орунду ээлейт. Бүгүнкү күндө ЖАМУнун бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын бардык медициналык мекемелеринде ийгиликтүү эмгектенип жатышат жана биз алардын ар бири менен сыймыктанабыз.

  Бүгүнкү окуучулар - эртенки кесип ээлери . Аларга туура багыт берүү үчүн Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  Медицина институтунун «Ички оорулар жана пропедевтикасы жана үй-бүлөлүк медицина» кафедрасынын окутуучулар курамы Кочкор-Ата шаарындагы мектеп бүтүрүүчүлөрү менен масштабдуу кесиптик багыт берүү жолугушуусун өткөрдү.