1. Башкы бет
  2. Илимий - изилдөө институттары
  3. Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар илим-изилдөө институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

30

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮ ЖАНА МАНАС ФЕНОМЕНИ

2025-жылдын 2-4-ноябрында Манас улуттук академиясында Кыргыз Респуликасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы адабият институту, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети биргелешип "Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана Манас феномени" аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга Туркиядан Хажы Байрам Вели университетинин профессору, Жеймс Пламтри манастаануучу -Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору, Адыл Жуматурду (КЭР), Пунит Гаур Индиянын Эл аралык иштер кеңешинин эксперти,

Манастануучу жана башка Кыргызстандын белгилүү Манастаануучу илимпоздору катышты, ЖАМУдан ф.и.д.,профессор К.Б Калчакеев "Борбордук Азия элдеринин маданий эс тутумун калыптандырууда эпикалык чыгармалардын орду" деген темада баяндама жасады. Негизи аталган конференция жогорку деңгээлде өттү.