- Илимий - изилдөө институттары
- Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар илим-изилдөө институту
- Жарнама
Жалал-Абад мамлекеттик университети Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы №841-т тескемесине ылайык, 2026-жылга карата мамлекеттик тапшырыктын алкагында, Жалал-Абад облусу боюнча мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды кайрадан окутуу жана квалификациясын жогорулатуу курстарына тренерлерди (окутуучуларды) тандоо боюнча конкурс жарыялайт!
Тѳмѳндѳгү курстар боюнча:
- «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын жалпы багыттары боюнча квалификацияны жогорулатуу курстары»
- «Кыргыз Республикасынын аймактык лидерлеринин квалификациясын жогорулатуу курстары»
- “Мамлекеттик/муниципалдык башкаруудагы стратегиялык менеджмент”
- «Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин ченемдик укуктук камсыздоо»
- «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта эффективдүү башкаруу»
- "Мамлекеттик башкаруудагы санариптештирүү "
- "Мамлекеттик сектордогу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы финансылык жана экономикалык негиздер"
- «Муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу курстары»
- "Коррупцияга каршы мамлекеттик саясат"
- «Улуттук жана мамлекеттик программалардын алкагындагы окутуу курстары»
Окутуучунун/тренердин квалификациясына ылайык тандоо критерийлери:
- билим деңгээли, илимий даражасынын же илимий наамынын болушу;
- билиминин тандалган курстун багытына, тематикаларына дал келиши;
- мамлекеттик же муниципалдык кызматта иштеген тажрыйбасынын болушу;
- окутуучулук/тренердик ишмердүүлүктө 2 жылдан кем эмес тажрыйбасынын болушу;
- илимий-усулдук иштелмелеринин, илимий басылмаларынын жана эмгектеринин болушу;
- тандоо критерийлерине жооп берген Университеттин штаттык окутуучулары конкурстук тандоодо артыкчылыкка ээ болушат.
Тажрыйбасын жана тандалган багытка дал келүүсүн тастыктоону талап кылган документтердин тизмеси (сканерленген көчүрмөлөрү, архивделген түрдө):
- окутуучунун/тренердин тандалган курстун аталышын көрсөтүү менен конкурстук тандоого катышуу жөнүндө арызы (эркин формада);
- резюмеси (анда тренингдерди/курстарды өткөрүү тажрыйбасын, иштеп чыккан окуу-усулдук колдонмолорун, илимий басылмаларын жана башка эмгектерин тастыктаган маалыматтарды көрсөтүү менен);
- тиешелүү билиминин, илимий даражасынын бар экендигин тастыктаган документтери;
- тандап алган курстардын/темалардын багыты боюнча сертификаттары.
Документтерди 2025-жылдын 10-декабрына чейин кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын, Кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу жогорку окуу борборунун, Жалал-Абад аймактык жайларында окутуу бөлүмүнүн башкы адиси Жунусов Руслан Токтосуновичке тапшыруу керек. Байланыш ном: +996 222 07-03-86 (Whatsapp).
Дареги: Манас шаары, Т.Байзаков пр. №24; Жалал-Абад мамлекеттик университетинин эски корпусу, 3-этаж, 301-кабинет;