1. Башкы бет
  2. Илимий - изилдөө институттары
  3. Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар илим-изилдөө институту
  4. Жаңылыктар

1 день назад

12

1

Жумуш ордунда окутуу – билимдин сапатын арттырат

2025-жылдын 21-ноябрында Экономика жана укук институтунун экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын БЭк-1-24,ФКк-1-24  тайпаларынын студенттери “Ишканада өндүрүштү уюштуруу” предметинен Сузак районундагы ОсОО Ворлд Групп Кейджи кыш чыгаруучу заводунда  жумуш ордунда окуудан өтүштү.         

         Сабак учурунда э.и.к., доцент Э. Н. Толонов кыш өндүрүүнүн ар бир технологикалык процесси боюнча кеңири токтолуп, тиешелүү теориялык маалыматтарды берди. Ал эми өндүрүштүн жетекчиси Тынычбек уулу Батыр студенттерди ишкананын түзүлүшү, уюштурулушу, ишмердүүлүк багыттары, негизги функциялары, чыгымдары жана өндүрүштүк милдеттери менен кенен тааныштырды. Студенттерди айрыкча чийки зат, материалдар жана ишкердик чөйрөсүндөгү өндүрүш процессине байланышкан суроолор кызыктырды.

Иш-чаранын жыйынтыгында кафедранын башчысы, э.и.к., доцент Э. Н. Толонов ишкана жетекчилигине ыраазычылык билдирип, жумуштарына ийгиликтерди каалады.