1. Башкы бет
  2. Илимий - изилдөө институттары
  3. Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар илим-изилдөө институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

13

"Азыркы фольклористика жана адабият таануу маселелери" аттуу республикалык илимий практикалык конференция. 

Ж.Баласагын атындагы КУУда КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, филология илимдеринин доктору, профессор Курманбек Абакировдун 70 жылдык мааракесине арналган "Азыркы фольклористика жана адабият таануу маселелери" аттуу республикалык илимий практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга ОшМУ, БГУ, ЖАМУ, КР УИАнын, К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун, И.Арабаев атындагы КМУ нун, окумуштуулары, аспирант, магистрлери жана студенттери катышты. Пленардык жыйында: академиктер А. А. Акматалиев, А.Эркебаев, О.Ибраимов, көрүнүктүү илимпоздор филол.и.д. Лайли Укүбаева, филол. и. д. Гүлбара Орозова, филол. и. д. Садык Тиллебаев, филол.и.и.д. проф. Гүлина Жамгырчиева, филол.и.д., Мээрим Көлбаевалар юбильярдын чыгармачылыгы жөнүндө көп кырдуу ой-пикирлерин айтышты. Конференциянын Куттуктоолор бөлүмүндө ЖАМУнун Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар институтунун директору, филология илимдеринин доктору, профессор К.Б. Калчекеев чыгып сүйлөп, ЖАМУнун ректору, техникалык илимдеринин доктору, професор Усенов Кеңешбек Жумабековичтин атынан, жалпы эле профессордук-окутуучулук курамлын, студенттердин атынан кызуу куттуктап, Курманбек Абакировдун 70 жылдык кутман курагына байланыштуу уюштурулган республикалык илимий-практикалык конференциянын ишине зор ийгиликтерди каалады.