1. Башкы бет
  2. Илимий - изилдөө институттары
  3. Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар илим-изилдөө институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

14

"Дуалдык окутуу, бүгүнкү күндүн талабы" деген темада жумуш ордунда окутуу уюштурулду.

Табигый-илимий билим берүү кафедрасында графикке ылайык Кесиптик-профилдик практикада жүргөн практиканттарга "Дуалдык окутуу, бүгүнкү күндүн талабы" деген темада тегерек үстөл уюштурулду. Бул иш-чарага Манас шаарындагы 5-6-14-19-21 ЖОББ мектептерде практикада болгон практиканттар жана мектеп жетекчилери катышты. Бурулай Жолболдуевна тегерек үстөлдун катышуучуларына бүгүнкү күндө билим берүү тармагында дуалдык окутуу өзгөчө мааниге ээ болуп, адистерди сапаттуу даярдоонун негизги багыттарынын бири болуп саналарын айтты. О.э ушул максатта ТИББ кафедрасында да активдүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди. Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренсине ылайык дуалдык окууну уюштуруунун алкагында бүтүрүүчү 4-курстун студенттерин 2025-2026-окуу жылынын аягына чейин Манас шаарынын жана Сузак районунун орто мектептерине жардамчы мугалим жана мугалим катарында сабактан бош мезгилде (зарыл болгон учурда өз эрки менен) иштөөгө жөнөтүүгө жана окутуучуларды насаатчы катары бекитип берүү боюнча мектеп жетекчилерине жана практиканттарга маалымат берди. ТИББ кафедрасында билим алып жаткан эки студент Арстанбекова Гүлзар жана Ш.Абдисаматовалар дуалдык окутуу боюнча бүгүнкү күндө мектепте 0.25 чен менен иштеп жатканын белгилеп өттү. Дуалдык окутуу кызматташтык жана тажрыйба алмашууга, окутуунун сапатын жогорулатууга, келечектеги адистерди кесиптик жактан мыкты даярдоого өбөлгө түзөрүн айтты.Конференция да мектеп жетекчилери жана практиканттар тарабынан суроо, жооп,талкуу ой-пикирлер айтылып конференция максатына жетти дейт практика боюнча жооптуу Н. Маматураимова.