1. Башкы бет
  2. Илимий - изилдөө институттары
  3. Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар илим-изилдөө институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

49

Студенттерди жумуш ордунда окутуу боюнча тажрыйбалык иш-чаралар

Жогорку билим берүү мекемелеринде өндүрүштүк практика — студенттердин теориялык билимдерин бекемдеп, аларды реалдуу иш чөйрөсүндө колдонууга багытталган маанилүү этап болуп саналат. Практика учурунда жумуш ордунда окутуу студенттерге кесиптик көндүмдөрдү калыптандырууга, жоопкерчилик сезимин жогорулатууга жана кесиптик чеберчилигин өркүндөтүүгө шарт түзөт.

Ушул максатта филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары А.Д.Керимбердиева, Г.А. Жороева жана Н.А.Ташиева кесиптик-профилдик практика учурунда Манас шаарындагы №2, №7 жана №13-орто мектептеринде барышып, студенттерди жумуш ордунда окутуу боюнча практикалык иштерди жүргүзүштү.

Практика жетекчилери студенттерге англис тилин окутуунун эффективдүү жана интерактивдүү усулдарын колдонуу, ошондой эле класстан тышкаркы иш-чараларды уюштуруу жолдорун көрсөтүп беришти. Аңгемелешүүлөр жана көрсөтмөлүү сабактар аркылуу студент-практиканттар баалуу тажрыйба жана пайдалуу маалыматтарды алышты. Бул иш-чаралар студенттердин кесиптик даярдыгын чыңдоого жана келечектеги педагогдук ишмердүүлүгүнө практикалык негиз түзүүгө чоң салым кошту.