1. Башкы бет
  2. Илимий - изилдөө институттары
  3. Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар илим-изилдөө институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

53

Дуалдык окутуу – билим менен өндүрүштү байланыштыруучу көпүрө

       Бүгүнкү күндө билим берүү системасынын эмгек рыногунун талаптарына шайкеш келиши абдан маанилүү болуп калды. Студенттерди теориялык гана эмес, практикалык жактан да даярдоо – замандын талабы. Ушул максатта дуалдык окутуу системасы кеңири колдонулуп келе жатат.

Дуалдык окутуу — билим берүү процессинде окуу жай менен иш берүүчү уюмдардын тыгыз кызматташтыгынын негизинде ишке ашырылуучу окутуу формасы. Анын негизги максаты – студенттерди реалдуу өндүрүш шарттарында практикалык көндүмдөргө үйрөтүү болуп саналат.

Ушул багытта, англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары А.Д. Керимбердиева, Г.А.Жороева, Н.А. Ташиева жана Б.Нышанбай кызы кесиптик-профилдик практика учурунда Манас шаарындагы № 2, № 7 жана № 13-орто мектептеринде дуалдык окутуунун өзгөчөлүктөрү боюнча насаатчылык иштерин жүргүзүштү. Бул иш-чара студенттердин билим сапатын жогорулатууга, аларды келечектеги кесиптик ишмердүүлүккө даярдоого багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп эсептелет.