1. Башкы бет
  2. Илимий - изилдөө институттары
  3. Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар илим-изилдөө институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

54

МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАСЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын ФББ (АТ)-маг-1-24 тайпасынын магистранттары илимий-педагогикалык практиканын жыйынтыгы боюнча өткөн конференцияга катышышты. Иш-чарага ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн башчысы Н.С. Жолдошалиева, Филология институтунун директору, ф.и.к., доцент Ч.А. Асылбекова, англис тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Ы.К. Жолдошбаева катышышты. Конференциянын жүрүшүндө магистранттар практика мезгилинде  иштери боюнча отчетторун сунуштап, слайд жана видеоматериалдар аркылуу өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Ошондой эле, алар практика учурунда колдонгон заманбап окутуу ыкмаларын көрсөтүшүп, магистрдик илимий иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат беришти.