1. Башкы бет
  2. Илимий - изилдөө институттары
  3. Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар илим-изилдөө институту
  4. Жаңылыктар

5 месяцев назад

88

РЕФЛЕКСИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

Филология институтунун англис тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары тарабынан  2025-жылы 6-ноябрда 4-курстун студенттеринин кесиптик-профилдик практикасы боюнча рефлексиялык конференция өткөрүлдү. Конференцияга филология институтунун директору, филология илимдеринин кандидаты Ч.А.Асылбекова, англис тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты Ы.К.Жолдошбаева, кафедрадагы практика жетекчилери жана 4-курстун студенттери катышышты. Анда студенттер практика тууралуу маалымат беришип, кесиптик-профилдик практика учурунда аткарылган иштер жана кыйынчылыктар тууралуу айтышты. Алар практика учурунда “Англис тилин окутуунун актуалдуу маселелери” деген теманын негизинде илим изилдөө иштерин жүргүзүп жатышкандыгы тууралуу ой бөлүшүштү. Практика жетекчилери өз кезегинде студенттердин сабактары тууралуу маалымат беришти. Конференция суроо-жооптор менен коштолду.