1. Башкы бет
  2. Институтар
  3. Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар илим-изилдөө институту
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

22

Түркология жана түрк дүйнөсү

2025-жылдын 1-2-3-октябрь күндөрү Казакстандын А. Яссави атындагы казак-түрк эл аралык университетинде ХI калктар аралык конгресси болуп өттү. Конгресске Өзбекстан, Туркия, Тажикстан, Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан өлкөлөрүнүн окумуштуулары катышты. Жыйынды Ахмат Яссави университетинин ректору доктор, профессор Амангелди кызы Жанар Темирбекова  сөз сүйлөп, конгресстин ишине ийгиликтерди каалады. Пленардык жыйында КРУИАнын Ч. Айтматов атындагы адабият институтунун директору, академик, филология илимдеринин доктору, профессор А. Акматалиев “Кыргыз түркологиясынын актуалдуу маселелери” деген баяндама жасады.

Конгрессти уюштуруу комитетинин мүчөсү катары ЖАМУдан (Кыргызстан) филология илимдеринин доктору, профессору, “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар институтунун директору К. Б. Калчакеев “Манас жана мамлекеттик тил” деген темада баяндама жасады.

ХI калктар аралык конгресстин 2-бөлүгүндө аталган университеттин түркология илимий-изилдөө институтунун директору, филология илимдеринин доктору, профессор,  Казакстан Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Казак Республикасынын өкмөтүнүн “Парасат” орденинин ээси, көрүнүктүү окумуштуу Шакир (Шакират) Ибраевдин 75 жаш кутман курагына арналган иш-чара болуп өттү.   

Кыргызстандан, тактап айтканда, Б.Осмонов  атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору К.Б.Калчекеев, юбилярдын “Казак салттык фольклору” окуу китебин кыргызчага которуп, авторго белек кылды.

Конференциянын жыйынтыгында Казахстан, Туркия, Азербайжан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан өлкөлөрүнүн ЖОЖдор аралык байланыштарын мындан ары да күчөтүү жагы баса белгиленди.