1. Башкы бет
  2. Илимий - изилдөө институттары
  3. Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар илим-изилдөө институту
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

91

БАС кафедрасында "ВИЧ/СПИДдин алдын алуу - ар бирибиздин милдетибиз" аттуу куратордук саат

1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата Башкаруунун автоматташтырылган системасы  кафедрасында ПОВТАС-1-24 тайпасынын студенттери үчүн куратордук саат өткөрүлдү. Иш-чараны тайпанын куратору Нарматова Н.Т. уюштурду.

Куратордук сааттын жүрүшүндө студенттерге ВИЧ инфекциясы жана СПИД жөнүндө, алардын айырмачылыктары, ВИЧтин жугуу жолдору жана алдын алуу чаралары тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле өз ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылуунун, өз убагында текшерүүдөн өтүүнүн жана сергек жашоо образын кармануунун мааниси талкууланды. ВИЧ менен жашаган адамдарга карата басмырлоого жол бербөө жана коомдо туура түшүнүктү калыптандыруу маселелерине да көңүл бурулду.

Иш-чара студенттердин ВИЧ/СПИД боюнча маалымдуулугун жогорулатууга, ден соолук маданиятын калыптандырууга жана оорунун алдын алууга жоопкерчиликтүү мамиле жасоого үндөөгө багытталды.