1. Башкы бет
  2. Илимий - изилдөө институттары
  3. Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар илим-изилдөө институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

20

ЗАМАНБАП ТЕХНОЛОГИЯЛАР — САПАТТУУ БИЛИМГЕ, АЛ ЭМИ САПАТТУУ БИЛИМ — ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ АЧАТ!

Илим айлыгынын алкагында Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар илим-изилдөө институтунун «Билим берүүнүн инновациялык технологиялары» лабораториясы жана Э. Уметов атындагы педагогика институтунун педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы менен биргеликте «Келечектин билим берүүсүнүн технологиялары (STEM/STEAM билим берүү технологияларынын мисалында)» деген актуалдуу темада илимий тегерек стол болуп өттү. Тегерек столду модератор, п.и.к., доцент К.М. Ураимов ачып, иш чаранын максат милдеттери менен тааныштырып, андан сон келген коноктор менен тааныштырып аларга сөз берди. Иш-чаранын максаты — заманбап билим берүүдө STEM жана SТEAM технологияларын колдонуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо, инновациялык окутуу ыкмаларын жайылтуу жана келечектеги билим берүүнүн өнүгүү багыттарын аныктоо окуу процессин уюштуруунун заманбап ыкмаларын талкуулоо, ЖОЖдун окутуучулары менен мектеп мугалимдеринин ортосунда педагогикалык тажрыйба алмашуу, ошондой эле магистранттардын, аспиранттардын, изденүүчүлөдүн жана студенттердин окуу жана кесиптик даярдык процессинде пайда болгон көйгөйлөрүн аныктоо жана талкуулоо.Тегерек столдун ишине жогорку окуу жайлардын окутуучулары,жалпы билим берүүчү орто мектептин мугалимдери, бакалавр багытында даярдалып жаткан педагогика, математика, физика, информатика, математика адистиктеринен кафедра башчылары, ушул методикаларды окуткан окутуучулар, магистрлер, аспиранттар педагогикалык багыттагы бакалавр студенттери, билим берүү тармагындагы адистер жана жаш изилдөөчүлөр, шаардагы мектептин мугалимдери катышышты. Айрыкча конок катары чакырылган лекторлор: Сакиева С.С. – “Билим берүүнүн инновациялык технологиялары” лабораториясынын башчысы, п.и.д., профессор; Турдубаева Б.М - ЖАМУнун АСДнын директору, п.и.к., доцент;Нусупова Р.С. – физика жана информатика кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент; Нурматова М. Н. – ф-м-.и.к. абдан кызыктуу маалыматтарды берип кетишти. Илимий тегерек стол ЖАМУнун медиа борбору тарабынан тасмага түшүрүлдү. Жолугушуунун жүрүшүндө профессор Сакиева С.С. “Келечектин билим берүүсүндө инновациялык технологиялардын ролу”, доцент Турдубаева Б.М. “Компотенттүүлүккө багыттап окутуунун актуалдуулугу”, доцент Нусупова Р.С. “STEM жана SТEAM технологиялары: чыгармачылык искусство жана илимдин интеграциясы”, доцент м.а. Нурматова М.Н. “Практикалык мисалдар жана инновациялык окутуу ыкмаларынын презентациясы” сыяктуу негизги темадагы технологиялардын сабактын заманбап моделинде колдонуу маселеси каралды. Катышуучулар аталган технологиялардын заман талабына жараша сабакта колдонулушун кеңири талкуулашты: тартуу/кызыктыруу (Engage), изилдөө (Explore), түшүндүрүү (Explain), тереңдетүү жана билимди колдонуу (Elaborate), баалоо (Evaluate). Сыяктуу маселелер көп суроолорду кызыгууларды жаратты. Талкуу учурунда окуучулардын таанып-билүү активдүүлүгүн жогорулатуу, сынчыл ойломду өнүктүрүү, өз алдынчалыкты калыптандыруу жана окутуунун натыйжалуулугун арттыруу үчүн STEM жана SТEAM технологияларын колдонуу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду. Практик мугалимдер тарабынан берилген жаныча технологиялар жөнүңдөгү суроолор жана илимий изилдөө жүргүзүп келе жатышкан аспиранттар, изденүүчүлөр, магистранттардын темасынын үстүндө изилдөө процессиндеги көйгөйлөрү өзүнчө мааниге ээ болду. Катышуучулар келечектеги мугалимдердин кесиптик жактан калыптанышы, заманбап жаныча окуу процессине көнүү кыйынчылыктары, практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү, ошондой эле теориялык жана практикалык даярдыктын тыгыз байланышынын зарылдыгы тууралуу пикир алмашышты. Чакырылган мугалимдер өзүлөрүнүн педагогикалык тажрыйбалары менен бөлүшүп, заманбап мектепте иштөөнүн өзгөчөлүктөрү, башталгыч класстарда инновациялык окутууметоддорун колдонуу жана 12 жылдык билим берүүгө өтүү шарттарында окуу процессин уюштуруу тууралуу айтып беришти. Аспиранттар, магистранттар жана студенттер белгилүү окумуштуулар тажрыйбалуу мугалимдер жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү менен түздөн-түз баарлашып, өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, ой-пикирлерин ортого салып, тынчсыздандырган көйгөйлөрүн талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты. Аталган илимий багыттагы тегерек стол ачык кесиптик диалог форматында өтүп, катышуучуларга өз пикирлери менен алмашууга, илимий изденүүнүн жана билим берүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоого жана жогорку окуу жай менен жалпы билим берүүчү мектептердин ортосундагы мындан аркы ар тараптуу педагогикалык кызматташтыктын багыттарын белгилөөгө шарт түздү. Бул багытта түзүлгөн ЖАМУнун алдынагы “Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар” илим изилдөө институтунун директору, филол.и.д., профессор Калчакеев К.Б. тегерек столдун ишине ийгилик каалап, мындай иш-чаралар байма-бай өтүп жатканын, бул күнкү илимий багыттагы иш-чара да илим айлыгынын алкагында уюушулуп жатканына токтолуп, иш-чарага катышкан бардык катышуучуларга, айрыкча лекторлорго терен ыраазычылыгын билдирип кетти. Иш-чаранын уюштуруучулары: п.и.к. – Ураимов К.М., п.и.к. -Осмоналиева С.Ч., улук окуучулар – Шишкараева А.К., Аданова Д.А., Мокуева Н.Ш., окутуучу – Раимкул кызы А. Бул иш-чараны уюштуруучулар жамааты келип катышкан конокторго иш-чарага катышкандыгы, мазмундуу баяндамалары, баалуу сунуштары жана кесиптик тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экендиги үчүн терең ыраазычылык билдирет. Мындай жолугушууларды өткөрүү илимий изилдөө, билим берүүнү жөнгө салуу процесстерин жолго коет жана ЖОЖ менен билим берүү мекемелеринин ортосундагы байланыштарды чыңдоого, келечектеги мугалимдердин кесиптик даярдыгын өркүндөтүүгө жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга көмөктөшөт.