1. Башкы бет
  2. Институтар
  3. Конфуций институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

74

КОНФУЦИЙДЕ ДАГЫ БИР ИЙГИЛИК

Кыргызстандын Конфуций институттарынын арасында Бишкек гуманитардык университетинде өткөрүлгөн “Кытай ырлары – 2024” сынагында ЖАМУнун Конфуций институтунун HSK-6 деңгээлинин 2 тил үйрөнүүчүсү Шабидинова Айдай 2-орунду багындырды. Айдайдын аткаруусундагы “Эртең мындан да жакшы болот” аттуу ыры калыстардын да, көрүүчүлөрдүн да купулуна толду. Аткаруу чеберчилиги, үн, тон, тембр, фон  жуурулушуп, чыгарманын мыкты деңгээлде жеткирилишине өбөлгө болду. ЖАМУнун Конфуций институтунда кытай тилин, кытай маданиятын үйрөнүп, окуу жайдын жандуу турмушуна шайдоот катышып, чоң жетишкендиктерди багындырып, Конфуций институтуна бир канча ийгиликтерди алып келип жаткан А.Шабидинованын окуусуна, иштерине дагы да ийгиликтерди каалайбыз.

Баса белгилеп кетчү учур, Айдайдын апасы да , атасы да –  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин татыктуу эмгектенип келе жатышкан кызматкерлери. Ушундай таланттуу, жөндөмдүү, жоопкерчиликтүү кызды тарбиялап-өстүрүп, турмушка туура багыт берип жатышкан ата-энесине терең ыраазычылык билдиребиз!