Практиканттарга усулдук жардам
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин тарых профилинин 2-курстарынын студенттери окуу планын графигине ылайык 3 жума адаптациялык-педагогикалык практика өтөө үчүн шаардык орто билим берүү мектептерине, ал эми 4-курстун студенттери 6 жумалык кесиптик-профилдик практикасын ар кайсыл айыл аймактарда улантып жатышат. Практика жетекчилери жер-жерлерге барып практиканттардан кабар алып, усулдук кеңештерин берип, мектеп жетекчилери тарабынан жылуу пикирлерди угуп, практиканттарга ийгиликтерди каалашты.