1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Үзгүлтүксүз билим берүү институту
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

103

ЖАМУнун Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун директору Карабекова Аида Камилжановна Будапешт шаарындагы эл аралык форумга катышууда

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун директору Карабекова Аида Камилжановна кызматтык иш сапары менен Венгриянын Будапешт шаарында болуп, Метрополитен университетинин базасында өтүп жаткан эл аралык форумга катышууда.

Форумдун темасы: «Туруктуу өнүгүү парадигмасында Евразия экономикаларын санариптик трансформациялоо: бухгалтердик эсеп, аудит, финансы, укук жана менеджмент тармагындагы интеллектуалдык технологиялардын ролу».

Иш-чарага ар кайсы өлкөлөрдөн алдыңкы жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, илимий коомчулуктун мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер катышып, санариптик трансформациянын заманбап багыттарын, интеллектуалдык технологияларды киргизүүнү, туруктуу экономиканы өнүктүрүүнү жана глобалдык өзгөрүүлөрдүн шартында билим берүү программаларын өркүндөтүү маселелерин талкуулашууда.

Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун директору Карабекова Аида Камилжановнанын эл аралык форумга катышуусу эл аралык академиялык кызматташтыкты чыңдоого, чет өлкөлүк университеттер менен өнөктөштүк байланыштарды кеңейтүүгө, алдыңкы тажрыйба алмашууга жана билим берүү, экономика жана башкаруу тармактарын санариптештирүү боюнча дүйнөлүк мыкты практикаларды өздөштүрүүгө өбөлгө түзөт.

Форумдун жүрүшүндө алынган билимдер жана түзүлгөн кесиптик байланыштар ЖАМУнун эл аралык ишмердүүлүгүн мындан ары өнүктүрүүгө, биргелешкен илимий-билим берүү долбоорлорун ишке ашырууга, окутуучулар менен студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн кеңейтүүгө, ошондой эле окуу процессине заманбап билим берүү технологияларын киргизүүгө кызмат кылат.