Лаборатория- практикалык эмгектин ачкычы

2024-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 16-февралындагы “Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө илимдин салымын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө №26 Жарлыгын аткаруу жана Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде, окуу жайдын түптөлүшүнүн 100 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан иш чаралардын алкагында экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын "Инвестициялык-экономикалык илим изилдөө" лабораториясында 2023-жылда аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылды. Лабораториянын жетекчиси э.и.д., профессор Ж.Садыралиев өз отчетунда маанилүү окуяларга токтолду. Ал өз сөзүндө 2023-жылдын 24-апрелинде кафедранын лабораториясы тарабынан “Отун-энергетика комплексинде декарбонизациянын алдыңкы технологиялары: жашоонун жаңы чөйрөсүнө жол” аталышындагы Эл аралык илимий - практикалык конференция уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөнүн белгиледи. Аны менен бирге учурда профессордук-окутуучулар тарабынан бизнес-проекттер даярдалып жатканына токтолду.
Экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын башчысы э.и.к., доцент Э.Н.Төлөнов лабораториянын ийгиликтерине токтолуп, бир нече ийгиликтерге ээ болгонун, анын ичинде ЖАМУнун рейтинги боюнча 1-орун, НААРдын рейтинги боюнча Экономика багыты 3-орунга ээ болгонун белгиледи. Жыйынтыгында лабораториянын иши канааттандыраарлык деп табылып, жетекчиси э.и.д., профессор Ж.Садыралиевге ыраазычылык билдирилди.