1. Башкы бет
  2. Институтар
  3. Үзгүлтүксүз билим берүү институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

26

КЕСИПКЕ БОЛГОН ИШЕНИМДҮҮ КАДАМ

16-апрель күнү иш берүүчүлөр жана медициналык колледждин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушу болуп өттү. Бүтүрүүчү курстун студенттерине иш берүүчүлөр иш орундары жөнүндө кеңири маалымат беришти, жыл сайын канчалаган бүтүрүүчүлөр чыкса деле, кадрлардын жетишпестигин, каалоочуларга , иштегиси келген кесип ээлерине дайыма эшиктери ачык экендигин, биздин колледждин коптогон бүтүрүчүлөрү азыркы учурда, үзүрлүү эмгектенип жатышкандыгын, ал гана эмес арасында кадыр-баркка ээ болуп, жамаат арасында авторитеттүү кесиптештерибиз бар экендигин баса белгилеп айтып кетишти.

Бүтүрүүчүлөр өздөрүн окуткан окутуучуларын көргөндөрүнө , колледждин жакшы жакка өзгөргөнүнө, материалдык-техникалык базасынын өскөндүгүнө толкундануу менен ыраазычылыгын билдирип жатышты. Көпчүлүк бүтүрүүчүлөр өз билимдерин улантып, жогорку окуу жайларда окуп жатышкандарын айтып өтүштү.

Катышуучулар: " Лекарь" ЖЧК диретору Каныбеков А.К., "Сонун фармация" ЖЧК директору Сейитбеков М. " Здоровый мир" дир.орун басары Махиржанов Б.С. "Неман фарм" кадрлар бөлүмүнөн Кошоева жана Маратбековалар

Сатыбалдиева А, мед.өкүл NOBEL, Самидинова А.И. мед.өкүл NOBEL, Исакеева А.Э. фармацевт ОСОО "Здоровый мир". Махмуджан кызы Айжамал МК окутуучу.