“Манас” — маданиятыбыздын туу чокусу болсо, Айтматов — рухубуздун туу чокусу
Б.Осмонов атындагы ЖАПКда чет тилдер ПЦКсында кыргыздын залкары, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучусу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата АТк 4-23,Атк 5-23,АТк-01-24 тайпаларында ачык куратордук сааттар өткөрүлдү
Ачык сабакта Чынгыз атабыздын дүйнөнү даңазалаган чыгармаларынан үзүндү сахналык көрүнүштөрдү мыкты деңгээлде аткарышып , Алтынайдын монологун аткарышты .
12-декабрь залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн урматына 12-декабрь Улуттук адабияттын күнү деп жарыяланган.Урматтуу окутуучулар, студенттер! “Манас” — маданиятыбыздын туу чокусу болсо, Айтматов — рухубуздун туу чокусу. Чыңгыз Айтматов ошончолук бийик, ошончолук уникалдуу. Дүйнө адабиятында санап келсең ага тете жазуучулар беш манжага толбойт. Сиздерди Ч. Айтматовдун туулган күнү жана адабияттын күнү менен чын жүрөгүбүздөн куттуктайбыз!!! Залкар жазуучубуздун жолун улай турган кыргыз элинен мыкты жазуучулар, адабиятчылар, инсандар дагы да чыгышына ишенебиз!!!Ч. Айтматовдун чыгармаларын окуп, барктап, жайылтып жана атын даңазалап жүрөлү!!! - дешет кураторлор :Сыдыкова Ж;Залимбекова Ж; Г. Абдыкановалар.