ЭЮКтун социалдык иш ПЦКсында өндүрүштүк практиканын рефлексиялык конференциясы болуп өттү
2024-жылдын 23-ноябрында ЭЮКтун социалдык иш ПЦКсынын СРк-2-22 жана СРк-01-23 тайпалары үчүн өндүрүштүк практиканын рефлексиялык конференциясы болуп өттү. Конференциянын максаты-практика учурундагы жетишкендиктери жөнүндө айтуу, пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү, ошону менен бирге кесиптик компетенттүү адисти даярдоо жана кесипке болгон кызыгууларын жогорулатуу.
Аталган иш-чара ЭЮКтун социалдык иш ПЦКсынын практика жетекчилери Н.Н. Сатымкулова жана А.А. Ташматова тарабынан уюштурулду. Студенттер тарабынан практика учурундагы кыйынчылыктар жана артыкчылыктуу жатары жөнүндө айтылды, сунуштар киргизилди. Практика жетекчилери менен бирге практиканы мындан да жакшыртуунун жана кесипкөй адистерди даярдоонун жолдору талкууланды.