Экономика ПЦКсында ата энелер чогулушу өткөрүлдү

2024-жылдын 23- октябрында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинин экономика ПЦКсында окуу жай менен ата-энелер ортосундагы мамилени чыңдоо максатында ата-энелер жыйыны болуп өттү.
Жыйынды колледждин директору А.Б.Карбекова ачып, келген ата-энелерге ыраазычылык билдирип, колледжде жүргүзүлүп жаткан алгылыктуу иштер менен тааныштырып, ата-энелерге балдарды баардык жактан көзөмөлдөп, колледж менен тыгыз байланышта болуусун баса белгилеп кетти.
Андан кийин окуу иштери боюнча директордун орун басары А. А. Ташматова сөз сүйлөп AVN системасы, модуль тапшыруу учурундагы студенттердин көйгөйлөрү, сабакка катышуу, кечигүүлөр жөнүндө айтып өттү.
ПЦКнын окутуучулары, кураторлор А.Ж. Айдарбекова, Э.Э. Кадырова, Акылбек к.В, Г.П. Салибаева, З. Д. Иркеева, Б.К. Курстанбекова ата-энелерге кайрылуу жасап, балдардын жүрүм – турумуна, сабакка катышуусуна, формасына көзөмөл жүргүзүп туруусун суранып, куратор сабактар аяктагандан кийин жоопкерчилик албай тургандыгын эскертип өтүштү.
Экономика ПЦКсынын башчысы А. К. Курманбекова бөлүмдүн алдына койгон максаттары, 2024-2025-окуу жылына карата аткарылып жаткан иштер, студенттердин жетишкендиктери, сынактар, коомдук иштерге активдүү катышуу жана кошумча ийримдерге баруу, студенттердин сабакка катышуусу, тартиби жана сабакка кечигип келүүсүнө токтолуп, ата-энелерди балдардын сабактарга толук кандуу катышуусун көзөмөлдөөгө чакырды.
ПЦКнын практика жетекчиси А.К. Калмурзаева практиканын түрлөрү, практика өтөө учурундагы көйгөйлөр жана сунуштар боюнча айтып өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө ата-энелер кызыккан суроолорун берип, колледж жана андан ары билим алуу зарылдыгы тууралуу кененирээк маалымат ала алышты.
Жалпысынан жолугушуу натыйжалуу болду. Мугалимдер да, ата-энелер да эки тараптуу аракеттенүү окуу жана тарбия процессинде каалаган натыйжаны берерин белгилеп кетишти.
Жыйынтыгында ата-энелер тарабынан анкета толтурулуп, мугалимдерге ыраазычылыктарын билдиришти.