Иш берүүчү менен жолугушуу
2024-жылдын 24-октябрь күнү экономика-юридикалык колледжинин экономика ПЦКсынын окутуучулары: А.Ж. Айдарбекова, Э.Э. Кадырова, А.К. Калмурзаева, З.Д. Иркеева, Акылбек к Венера, Б. К. Курстанбековалар төмөнкү ишканалардын жетекчилери менен:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин Жалал – Абад финансы башкармалыгынын Казына бөлүмүнүн башчысы Сартбаев Айбек Равшанбекович;
2. Жалал-Абад шаарындагы Оптима банкынын жетекчиси Паизов Жаркынбек Мамазакирович;
3. Жалал-Абад Электро ишканасынын бухгалтери Ж.Апатаева;
4. Жалал-Абад шаардык салык жана салык салуу башкармалыгынын орун басары Камчыбеков Уланбек Камчыбекович менен практиканын жумушчу программалары жана студенттин, жетекчинин жол картасындагы аткарылуучу иштердин мазмуну, практика жүзүндө иш-аракеттердин дал келүүсүн талкуулоо максатында, иш берүүчүлөр менен жолугушуп келишти.
Практиканын жумушчу программасы мамлекеттик билим берүү стандартынын, окуу пландарынын жана адистик (багыт) боюнча негизги билим берүү программасынын негизинде жыл сайын түзүлүп, окуу жылынын башталышында иштелип чыккан.
Жолугушуу учурунда практиканын жол картасындагы мекеме – ишканалардын иш аракетинде купуя сакталуучу маалыматтарды камтыган пункттарды келерки жылы кайра карап чыгуу, өзгөртүүлөрдү киргизүү, ал эми кээ бир пункттарын өз алдынча мекеме-ишканалардын сайтынан өздөштүрүү сунуштары киргизилип, макулдашылды.