1. Башкы бет
  2. Институтар
  3. Үзгүлтүксүз билим берүү институту
  4. Жаңылыктар

3 месяца назад

91

 "Адептүүлүктүн башаты-татыктуу тарбия"

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинде ЖББ ПЦКсында жогоруда аталган темада жалпы ата- энелер чогулушу жана тайпалык чогулуштар болуп өттү.

Чогулушта 2024-2025-окуу жылына карата жүргүзүлүүчү иштер,билим жаатындагы көрсөткүчтөр,олимпиада,коомдук иштерге активдүү катышуусу жана тартиби,ар кандай маселелер боюнча колледждин директору э.и.д. профессор А.Б.Карбекова сөз сүйлөдү. Окуу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары А.Акылбековна AVN порталы боюнча ата энелердин көзөмөлдөөсүн,модулдардын жоболору боюнча түшүндүрдү.Өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси Н.А.Айылчиева студенттердин практикага бөлүштүрүлүшү жана иш берүүчүлөр боюнча маалымат берди .Ошондой эле жалпы билим берүү ПЦКсынын төрагасы М.Асанова жана тайпа жетекчилери студенттердин катышуу,жетишүүсү,тартиби,сабакка кечигип келүүлөрү жана башка маселелер боюнча сүйлөшүү иштерин жүргүзүштү.Сабактан кийинки убакытта студенттер ата -энелердин көзөмөлүндө болоорун милдеттендирилди. Чогулуштун жүрүшүндө ата -энелер тарабынан суроолор берилип, сунуш-пикирлер,каалоо тилектер айтылды.

Чогулуштун соңунда тайпа жетекчилери да жекече чогулуштарды өтүшүп ,ата энелерге балдарынын катышуу,жетишүүсү,тартиби боюнча маалымат беришти.