1. Башкы бет
  2. Институтар
  3. Үзгүлтүксүз билим берүү институту
  4. Жаңылыктар

3 месяца назад

98

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун “100 жылдыкка 100 иш-чара”

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун “100 жылдыкка 100 иш-чара” долбоорунун алкагында экономика-юридикалык колледжинин социалдык иш ПЦКсы тарабынан 18-октябрь күнү социалдык кызматкерлердин кесиптик майрамына арналган “Социалдык кызматкер – жүрөктүн үнүн уккан адис” аталышындагы маданий иш-чара  уюштурулуп, иш берүүчүлөр, социалдык иш адистигинин бүтүрүүчүлөрү жана ата-энелер жамааты ошондой эле, ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинин социалдык иштер жана АЧД циклдык комиссиясынын жалпы окутуучулук курамы жана студенттери чакырылып, маданий  иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. 

Маданий иш-чараны ЭЮКтун директору, э.и.д., профессор  Карбекова Азиза Баймаматовна социалдык кызматкерлердин кесиптик майрамын куттуктоо менен ачып берди. Ташматова Айнагуль Акылбековна Социалдык иш адистигинин колледжде түзүлгөндүгү жана коомдо ээлеген орду боюнча токтолуп, келген конокторго маалымат берип өттү.  Иш-чара СРк-2-23, СРк-2-22, СРк-01-23, СРк-2-24 тайпалары уюштурган концерттик программа менен коштолуп, келген коноктор Социалдык иш адистигинин окутуучуларына ыраазычылыктарын билдирип кетишти.