Практика – адистикке карай алгачкы кадам
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы З.С.Калыбекова жана ушул бөлүмдүн жетектөөчү адиси Н.С.Жолдошалиева ЖАПКнын башталгыч класстарда окутуу , чет тили, дене тарбия жана мектепке чейинки билим берүү адистиктеринин студенттери менен жолугушту. Бул жолугушууда төмөндөгү маселелер каралды.
1. Практиканын жол картасы менен иш алып баруунун жолдорун түшүндүрүү
2. Практика учурундагы жагымсыз жагдайларды болтурбоонун жолдору
3. Ар түрдүү маселелер
Жогорудагы аталган маселелер боюнча З.С.Калыбекова азыркы учурдагы практиканын орду, анын уюштурулушу, практика боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу өз оюн билдирди. Ар бир окуу жайдагы студенттердин практика учурундагы ийгиликтери жана кемчиликтерин баса көрсөтүп, алдыда боло турган практиканын жүрүшүн натыйжалуу алып барууну сунуштады.
Ал эми Н.С.Жолдошалиева практиканын жол картасы боюнча студенттерге кеңири маалымат берди, жол картада көрсөтүлгөн көрсөтмөлөрдү туура аткаруу менен күндөлүк жана отчетторду даярдоону сунуштады. ЖАПКнын директору А.Т.Маматумаров жогорудагы жетекчилердин сөздөрүн улай, практиканын жүрүшүн, сапатын жакшыртуу үчүн студенттер менен бекитилген практика жетекчилери да бири-бири менен тыгыз иштешип, жоопкерчиликтүү иш алып барууну баса белгиледи. Жыйынтыгында студенттердин ой-пикирлерин, сунуштарын угуп, кызыктырган суроолоруна жооп беришти.