1. Башкы бет
  2. Институтар
  3. Үзгүлтүксүз билим берүү институту
  4. Жаңылыктар

3 месяца назад

136

 ЭЮКта карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу  бөлүмүнүн адистери  менен жолугушуу

   ЭЮКта Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к. З. С. Калыбекова практика жетекчилери жана студенттери менен жолугушту.Жолугушуунун максаты өндүрүштүк практиканын жол картасын түзүү жана практиканын жүрүшүндөгү ар түрдүү көйгөйлөрдү чечүү.ЭЮКтун директору э.и.д., профессор А.Карбекова жолугушуунун максатын жана өндүрүштүк практикага чыгуу билим алууда,адиске ээ болууда чоң роль ойноорун баса белгиледи.Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы З.С.Калыбекова студенттерди өндүрүштүк практиканын жобосу менен тааныштырып, студенттер үчүн түзүлгөн жол картага студенттердин да ой пикирлери маанилүү экендигин, практиканын жүрүшүндө эч кандай коррупцияга жол берилбестигин, стейкхолдерлер менен тыгыз байланышта болууну айтты. Жолугушуу студенттер менен суроо жооп иретинде өттү. Жолугушуунун аягында ЭЮКтун өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси Н.А.Айылчиева өндүрүштүк практиканы уюштурууда келишимдин негизинде иш берүүчүлөр менен тыгыз байланышта иш алып барып жаткандыгын айтып, З.С.Калыбековага өндүрүштүк пратиканы уюштурууга көмөк көрсөтүп жаткандыгына ыраазычылык билдирди.