1. Башкы бет
  2. Профсоюздук бирлик

Профсоюздук бирлик

“Б. ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ" ИЛИМИЙ-БИЛИМ БЕРҮҮ ӨНДҮРҮШТҮК КОМПЛЕКСИНИН КООМДУК КЕСИПТИК КОМИТЕТИ

ЖАМУ КККсы 2025-жылдын 17-июнунда негизделген.

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети" илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин коомдук кесиптик комитети" кесиптик бирлиги (мындан ары ЖАМУнун кесиптик бирлиги) - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн коммерциялык эмес уюм.

ЖАМУнун кесиптик бирлиги Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Кесиптик бирликтер жөнүндө" мыйзамына, уюштуруу документтерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык укукка ылайык иштейт.

ЖАМУнун кесиптик бирлигинин өз алдынча балансы жана Кыргыз Республикасынын банктарында сом жана башка валюталар менен эсептери, бурчтук штамп, аталышы жазылган тегерек мөөр, эмблема, бланк жана башка корпоративдик реквизиттери бар.

Толук фирмалык аталышы:

- мамлекеттик тилде: Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети “илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин коомдук кесиптик комитети” кесиптик бирлиги;

- расмий тилде: профессиональный союз "Общественный профессиональный комитет научно-образовательного производственного комплекса "Джалал-Абадский государственный университет имени Б.Осмонова".

ЖАМУ КККнын юридикалык дареги (жайгашкан жери): Жалал-Абад шаары, Р. Азимов көчөсү, 49.

ЖАМУ ККК мүчөлөрүнүн социалдык жана эмгек укуктарын, кесиптик, экономикалык жана башка кызыкчылыктарын коргоо жана өкүлчүлүк кылуу үчүн түзүлгөн.

ЖАМУ ККК өзүнүн уставдык максатына жетүү үчүн төмөнкү максаттарды коет:

- ЖАМУ ККК мүчөлөрүнүн жашоо деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүү;

- Тиешелүү башкаруу органдарында ЖАМУ ККК мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын өкүлчүлүк кылуу;

- Эмгек мамилелерин, жашоо шарттарын жана ден- соолукту коргоону жөнгө салуучу жергиликтүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышуу;

- Профсоюз мүчөлөрүн укуктук жана социалдык маалымат менен камсыз кылуу;

- ЖАМУ ККК мүчөлүгүнө мотивацияны күчөтүү жана ЖАМУ КККнын жана анын шайланган органдарынын уставдык максаттарына жетүүдөгү натыйжалуу иштеши үчүн уюштуруучулук жана каржылык чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.

- ЖАМУ КККга мүчөлүк;

- ЖАМУ ККК мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери;

- ЖАМУ КККнын түзүмү жана органдары;

- ЖАМУ КККнын жалпы чогулушу;

- ЖАМУ КККнын кесиптик комитети;

- ЖАМУ КККнын төрагасы жана анын орун басарлары;

- ЖАМУ КККнын каражаттары жана мүлкү;

- ЖАМУнун көзөмөлдөө жана текшерүү комиссиясы;

- ЖАМУ КККны жоюу, кайра уюштуруу жана токтотуу жол-жоболору;

- ЖАМУ КККнын уставын өзгөртүү жана толуктоо жол-жоболору.

Коомдук кесиптик комитеттин негиздөөчүлөрү:

1. Карбекова А.Б. – төрайым

2. Турдубаева Б.М. – комитеттин мүчөсү

3. Курстанбаев А.М. – комитеттин мүчөсү