“ЖАМУДА НООРУЗ-2024”
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 19-март күнү “ЖАМУда Нооруз-2024” аталышындагы майрамдык иш-чара болуп өттү.
Майрамдык концерке ЖАМУнун таланттуу окутуучулары жана студенттери катышышып, таланттарын тартуулашты.
Иш чара Э.Уметов атындагы педагогикалык факултетинин алдында орун алып, ак элечек энелердин парады менен коштолду.
“100 жылдыка 100 иш-чара” долбоорунун алкагында “100 элечек” долбоору иштелип, аталган иш-чарага элечек кийген профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлер “Ак элечек” кийишип, параддан өтүштү.
Окуу иштери боюнча проректор А.П.Алибаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, катышуучуларга ийгиликтерди каалады. “Нооруз чыгыш элдеринин жаңы жылы. Андыктан баарыңыздарды жыл тогошуп, күн менен түндүн теңелиши жана жылдын башталышы менен куттуктайм. Жергебизде тынчтык орун алып, корообуз малга, эгинибиз данга толсун. Ал эми эмгек жамааттын ынтымагы бекем болуп, окуу жайдын ишин биргеликте илгерители. Студенттерибиз татыктуу билимге ээ болуп, келечекте мыкты адис болуп мамлекетке кызмат кылган уул-кыздардан болушсун – деген тилегин билдирди.
Иш чара социалдык жана тарбия иштери боюнча проректор Э.Турдубаевдин жетекчилиги менен маданий эстетикалык борбордун кызматкерлери тарабынан уюштурулган.