БҮГҮН СИЗДЕР ҮЧҮН ӨЗГӨЧӨ КҮН
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Р.Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында айымдардын эл аралык майрамы белгиленди.
Айымдарды окуу жайдын мырзалары куттуктап, майрамдык концерт тартуулашты.
ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кенешбек Жумабекович 8-март Айымдардын эл аралык күнү менен куттуктады.
“Урматтуу айымдар, эжекелер, карындаштар! Баарыңыздарды жаздын, жаңылануунун жарчысы болгон 8-март Эл аралык айымдардын майрамы менен өзүмдүн жана окуу жайда эмгектенген бардык мырзалардын атынан куттуктайм!
Биздин айымдар мырзалардан кем калышпай окуу жайдын өсүп, өнүгүүсүнө өз салымдарын кошуп келишүүдө. Бири илимде ийгилик жаратса, бири мыкты лидерлиги менен жамаатты алдыга сүрөп, дагы бириңиздер жаш кадрларды татыктуу тарбиялап өлкөнүн экономикалык-социалдык абалын чыңдоодосуздар. Ар бириниздердин алкоого татыырлык эмгегиңиздер бар жана сиздер менен сыймыктанабыз.
Ардактуу энелер, кымбаттуу эже-карындаштар!
Бүгүн сиздер үчүн өзгөчө күн.Өлкөдөгү тынчтык, жакындардын амандыгы, үй-бүлөдөгү бакубаттык-сиздерге улуу белек. Сиздер күн сайын белек алууга, урмат-сыйга бөлөнүүгө татыктуусуздар.
Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин, жаркын маанай, жакшылыктарды каалайм! Баарыныздарга чын ден соолук, узун өмүр тилейм! Майрамыныздар кут болсун!
Майрамдык иш чара тарбиялык жана социалдык иштер боюнча проректор Турдубаев Эсенбектин жетекчилиги менен маданий эстетикалык борбордун адистери тарабынан даярдалган.