1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Р.Абдыкадыров клубу
  4. Жаңылыктар

3 месяца назад

91

ЫРГА АЙЛАНГАН ӨМҮР 

Залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата, "Ырга айланган өмүр" аталышында  адабий-музыкалык эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

Ага ЖАМУдан Рыспай клубунун мүчөсү, хореограф Ырысбай Шаимкулов, М.Глинка атындагы балдар музыкалык мектебинин директору Сейил Бердалиева, Манас шаардык музейинин директору Жамийла Темирова, маданият кызматкерлери жана окуу жайдын таланттуу студенттери катышты.

Иш-чара Жалал-Абад облустук китепкананын жана ЖАМУнун Р. Абдыкадыров клубу тарабынан уюштурулду.

 Эскерүү кечеде залкар обончуга арналып жазылган ыр саптар окулуп, чыгармалары жандуу аткарылды.

Эске салсак, ЖАМУда Эл аралык Рыспай Абдыкадыров клубу 1994-жылдын 2-майындагы №3 протоколунун чечиминин негизинде ачылган.  ХХ кылымдагы залкар композитор жана обончусу Р.Абдыкадыровдун музыкалык чыгармаларын окуп үйрөтүү жана жайылтуу менен, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү коомчулук менен иш алып барат.   Учурда клубдун бөлүмдөрү АКШ,Франция, Кытай, Турция,Россия, республикабызда жана жакынкы, алыскы чет өлкөлөрдө 70тен ашык бөлүмдөр, 1000ден ашуун мүчөсү бар. Алардын арасында  көрүнүктүү коомдук-саясий ишмерлер,академиктер, профессорлор, доценттер, обончу-жазуучулар жана таланттуу сурөтчү-скульпторлор бар.