1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Мамлекеттик тил бөлүмү
  4. Жаңылыктар

10 месяцев назад

188

“МАМЛЕКЕТ ҮЙ-БҮЛӨДӨН БАШТАЛАТ”

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө”, “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыктарын, 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз Жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын аткаруунун жана ЖАМУнун 100 жылдыгына карата  “Мамлекет үй-бүлөдөн башталат” аталыштагы кереге кеңеш 2024-жылдын 15-мартында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Р.Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында  болуп өттү.

Кереге кеңештин максаты жалпы адамзаттык баалуулуктардын катарында үй-бүлөлүк нарк-насил, баалулуктар, үй-бүлөдөгү атанын, эненин, баланын орду, укуктары, милдеттери жана жалпы адамзаттык баалуулуктардын, улуттук-этникалык маданияттардын тийгизген таасири ж.б. маселелрди жаш муундарга жеткирүү, калыптандыруу жана келечектеги мыкты инсанды тарбиялоо.

Иш-чарага университеттин профессордук-окутуучулар курамы жана кызматкерлери,  Э.Уметов атындагы педагогокалык, экономикалык-юридикалык, филология факультеттеринин, экономикалык-юридикалык колледжинин студенттери катышышты.  Т.и.д., профессор Аширалиев А.А. “Адам ата эмне үчүн бейиштин жыргалынан зериккен?”;, Калчекеев К.Б. филол.и.д., профессор – “Эне үйдүн куту, мамлекеттин туткасы ”, Шерипбаев А.Р. улуу окутуучу – “Кыргыз коомундагы үй-бүлөнүн орду” деген темада баяндамаларды жасашты. Улуттук баалуулук, кыргыз наркы, адептүүлук маселелери боюнча ф.и.д., профессор А.М.Эшиев студенттерге кеп-кеңешин айтты.

            Иш-чараны университеттин мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору А.Д.Доранова алып барды. Баяндамачылар баяндары боюнча жана азыркы коомдогу маселелер жөнүндө стеденттердин суроолоруна жоопторду беришти.  андан сырткары кереге кеңештин катышуучулары, профессор-окутуучулар  улуттук нарк, эл наркы, үй-бүлөлүк нарк-насиледер, нарктуу тарбия, инсандын адеп-ахлагы жана маданияты  сыяктуу маселелерге кенен токтолушту.