«ЭНЕ ТИЛИМ – МУРАСЫМ» СТУДЕНТТЕРДИН ФЕСТИВАЛЫ
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө”, “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыктарын, 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз Жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын аткаруунун жана 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүн белгилөөгө карата “Улут тили – улуу тил” аталышта студенттер арасында фестиваль университеттин Р.Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында болуп өттү. Фестивалды университеттин мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору А.Д.Доранова ачып, “21-февраль – Эл аралык эне тил күнү” карата университеттин ректору К.Ж.Усеновдун куттуктоосун жолдоп, фестивалдын катышучуларына ийгилик каалады.
Фестивалдын максаты, ар бир элдин тилин, тарыхын, руханий баалуулуктарын, маданиятын, каада-салтын сактоого жана жакындан тааныштырууга, даңазалоого шарт түзүү, өз мекенине, элине, эне тилине болгон сый-урматты кеңейтүү, көп тилдүү билим берүүгө багыт берүү, элдер жана улуттар аралык достук мамилелерди, карым-катнашты чыңдоо.
Фестивалга 8 команда катышып өз өнөрлөрүн тартуулашты:
1. Кыргыз тили командасы - даярдаган филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасы;
2. Орус тил командасы – даярдаган филология факультетинин орус филологиясы кафедрасы;
3. Өзбек тили командасы – даярдаган филология факультетинин тарбия иштери боюнча декандын орун басары Эргешова Р.;
4. Түрк тили командасы – даярдаган филология факультетинин маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы;
5. Англис тили командасы - филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасы;
6. Немец тили командасы - филология факультетинин немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы;
7. Кытай тили командасы - Конфуций институтунун жамааты;
8. Индия тили командасы - Медициналык факультети.
Фестивалдын катышуучулары көрсөтүлгөн мөөнөттө жана жобого ылайык төмөндөгүдөй жанрларды жана шарттарды эске алуу менен 20-25 мүнөттүн ичинде өз өнөрлөрүн тартуулашаты.
Фестивалдын уюштуруучулары жана жумушчу тобу (МТБ, МЭБ, ЖК, ФФ, МФ, КИ) жобосунун негизинде мыкты номер даярдап келген жана аткарган катышуучулар жана командалар университеттин дипломдору жана белектер менен сыйланышты.