1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Мамлекеттик тил бөлүмү
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

48

ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ ЖАНА ТЕРМИНОЛОГИЯ II ЭЛ АРАЛЫК СИМПОЗИУМУ

2025-жылдын 2-3-4-апрель күндөрү Казакстан Республикасынын Түркестан шаарындагы Ахмет Ясави атындагы казак-түрк университетинде “Казак тили – кылым тили: жасалма интеллект жана терминология” II эл аралык симпозиуму болуп өттү. Симпозиумга Туркия, Өзбекстан, Кыргызстан, Каракалпак жана Казакстан республикасынын ЖОЖдорунан илимий изилдөө институттарынан келген 200дөн ашуун окумуштуулар катышты. Негизи, түрк тилдүү элдердин окумуштууларынын башын бириктирген 5 секция 3-4-апрель күндөрү жемиштүү иштеди. Пленардык жыйында КРУИАнын академиги, Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, филология илимдеринин доктору, профессор Акматалиев Абдылдажан Амантурович түрк тилдүү элдердин адабий байланыштарын күчөтүү, терминология боюнча бирдиктүү эмгектерди жарыкка чыгарууну сунуш кылды.

Симпозиумда Кыргыз республикасынын Жалал-Абад облусундагы Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Мам тил бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор Калчекеев Кубанычбек Бекболотович Махмут Кашкаринин “Дивани Лугати-т түрк чыгармасы - түрк тилдүү элдердин көөнөрбөс байлыгы”аталышындагы баяндама жасап, анда аталган эмгектеги эпикалык жанрлардын, накыл сөздөр, уламыш, кошок, макал-лакаптардын, элдик оозеки чыгармалардын байыркы нускаларынын азыркы доорго чейин сакталып калгандыгынын сырларына токтолду.Ошондой эле профессор  К.Б.Калчекеев ЖАМУнун доценти, фил.и.к., окумуштуу Айтмамат  Оморовдун Махмут Кашкаринин “Дивани Лугати-т түрк” чыгармасын кыргызчага которуп элге тартуулаганын өзгөчө баса белгиледи. Жогорудагы аталган эмгекте түрк тилдүү элдердин ичинен фонетикалык, лексикалык, грамматикалык категориялардын кыргыз тилине жакын экендигин конкреттүү мисалдар аркылуу кенен баяндады. Ошону менен бирге К.Б.Калчекеев Махмут Кашкаринин “Дивани Лугати-т түрк” чыгармасын комплекстүү изилдөө иштери али алдыда экени тууралуу да, баалуу сунуштарын берди.