1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Мамлекеттик тил бөлүмү
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

197

 “ТИЛ ТАГДЫРЫ – ЭЛ ТАГДЫРЫ”  КЕРЕГЕ КЕҢЕШИ ЖАМУда

2025-жылдын 18-февраль күнү, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө”, “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыктарын, 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз Жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын аткаруунун алкагында жана 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата “Эне тилдин тагдыры – элдин тагдыры” аталышындагы кереге кеңеш университеттин Р.Абдыкадыров атындагы жыйындар залында болуп өттү.

Кереге кеңешти ЖАМунун мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору А.Д. Доранова алып барды жана ниверситеттин ректору, т.и.д., профессор К.Ж.Усеновдун “21-февраль – Эл аралык эне тил күнү” менен куттуктоосун катышуучуларга жеткирди.

Иш-чарага Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык бөлүмүнүн адиси А.Камбаров, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Т.Ж.Ахмедова, Кыргызстан калкы ассамблеясынын облустук бөлүмүнүн   башчысы, ЖАМУнун ардактуу профессору К.А.Тилекеевдер катышышты жана куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Кереге кеңеште университеттин белдүү профессор-окумуштуулары тарабынан төмөндөгү баяндамалар окулуп, кызыктуу талкуулар, суроо жооптор менен коштолду:

1.  К.Б. Калчекеев ф.и.д., профессор  –  “Эне тил – улут сыймыгы”

2.  Абдувалиев И.А. ф.и.д., профессор – “Алыкул жана эне тил”

3.  Эшиев А.М. ф.и.д., профессор – “Дүйнөлүк тилдердин эне тилге тийгизген таасири” 

4.  Токтогулова Г.Т. ф.и.к., доцент – “Түркстан крайындагы тилдердин колдонулушун тарыхый талдоо”

Кереге кеңешке келген диаспоралардын өкүлдөрү: “Идель” татар-башкыр улуттук бирикмеси, “Славяндар диаспорасы” коомдук бирикмеси, “Өзбек” коомдук бирикмеси, “Астүрк” коомдук бирикмеси, “Түрктөр” коомдук бирикмеси , “Тажик” коомдук бирикмеси, “Иттипак” уйгур улуттук-маданий борбору   ж.б. катышып өздөрүнүн элдик тили, маданияты жөнүндө айтып беришти жана университеттин жамаатына, жетекчилигине ыраазычылык билдиришти.

Иш-чарага университеттин филологиф факультетинини жамааты, студенттери  андан сырткары ЭЮФ, ЭЮК, ЖАПКнын  студенттери катышышты.