1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Медициналык пункт
  4. Жаңылыктар

1 день назад

30

ЖАМУда жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык пункту тарабынан институт жана колледждердин студенттерине жугуштуу оорулар жана алардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул студенттер арасында жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, сергек жашоо образын жайылтуу жана санитардык-гигиеналык маданиятты жогорулатуу максатын көздөйт. Аталган иш-чарага Манас шаарындагы №3 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун даарыгери А.Абдрахманова, үй бүлөлүк медицина борборуна караштуу ден-соолукту чындоо бөлүмүнүн дарыгери Ж.Э.Худайбердиева жана ЖАМУнун медициналык пунктунун медайымы Т. М. Касымбекова катышып, күз-кыш мезгилинде күч алуучу сасык тумоо, кургак учук, ичеги-карын жугуштуу оорулары жана жугуу жолдору жана белгилери жөнүндө кенен маалымат берди. Ошондой эле, эмдөө, колду таза жуу, туура тамактануу, бөлмөнү желдетүү сыяктуу жөнөкөй бирок ден соолук үчүн маанилүү болгон маалыматтар менен бөлүштү. Саамалыктын соңунда катышуучулар менен адистердин ортосунда суроо-жооп уюштурулуп, кызыктырган суроолоруна жооп алууга мүмкүнчүлүк жаралды.

Эске салсак, мындай жолугушуулар окуу жайдын медициналык пункту тарабынан байма-бай өткөрүлүп турат. Бул студенттердин ден соолугуна кам көрүү аракеттеринин бири. Ал эми бул жолку жолугушуу  Манас шаарынын оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун №01-17/981 сандуу катына ылайык, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык пунктунун жылдык иш-планынын негизинде жүргүзүлдү.