САНИТАРДЫК АБАЛ ТЕКШЕРИЛДИ
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун социалдык жана тарбия иштери боюнча проректор Турдубаев Э.К. жана медициналык пункту тарабынан иш пландын негизинде окуу корпустардын санитардык абалы текшерилди.
Текшерүүнүн жобосуна ылайык төмөндөгү критерийлер каралды:
1.Окуу корпустун айланасынын тазалыгы
2.Кабинеттердин тазалыгы
3.Ашкананын тазалыгы
4.Аптечка
5.Санитардык китепчелер
6.Студенттердин тактамалары
“Санитардык талаптарды бузган факультет жана колледждерге эскертүүлөр берилди. Эгер алар кайрадан текшерүү учурунда санитардык талаптарды бузган болсо, тиешелүү чараларды көрөбүз”, - деди социалдык жана тарбия иштери боюнча проректор Эсенбек Турдубаев.
Санитардык абалды текшерүүнүн максаты, окуу жайдын кызматкерлеринин жана студенттеринин ден соолугуна кам көрүү. Улуттун ден сак, билимдүү болушу үчүн биздин келечектин ээлери болгон жаштарыбыздын ден соолугу бекем жана билимге илимге суугарылышы абзел. Андыктан мындай иш-чараларды уюуштуруп турабыз – дейт медициналык пункттун дарыгери Нурсулуу Ибрагимова.