1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Медициналык пункт
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

43

СПИДдин алдын алуу - ар бир адамдын жоопкерчилигинде

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 44-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 30-октябрындагы №63-тескемесинин негизинде АИВ/СПИД илдетине каршы Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун медициналык пунктунун кызматкерлери тарабынан «Биз СПИДке каршыбыз» аталышындагы окутуучулук курамга жана институт, колледждердин студенттерине семинар жана спорттук иш чара уюштурулду. Семинар  Кыргыз Респуликасынын гимни  менен башталды,ЖАМУнун мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча адиси Ү.Т.Кайкиева иш чараны ачып берди.Бул иш чаранын коногу Жалал-Абад областтык СПИД борборунун директору Мамашов Мыктыбек Кубанычбеков АИВ/СПИД туралуу студенттерге түшүндүрмө берүү менен презентация жасады.

-АИВ/СПИД деген эмне?

-КРда аталган илдет боюнча статистика

-Илдеттин келип чыгышы жана белгилери

-Жугуу жолдору

-Алдын алуу жолдору жана диагностикасы

-Дарылоо боюнча презентация көрсөтүлдү.

    Иш чаранын 2-бөлүгү ЖАМУнун институт жана колледждер аралык ынтымакты, биримдикти бекемдөө максатында студенттерге кол күрөш жана аркан тартыш оюну уюштурулуп, демөөрчү катары Жалал-Абад областтык Кызыл Ай коомунун мүчөсү Ш.А. Раимкулова чакырылып ыктыярчылар менен биргеликте колдоо көрсөтүп беришти.Спорттук мелдеште студенттер активдүүлүгүн көрсөтүшүп,төмөндөгүдөй ийгиликтерге жетише алышты.

Кыздар арасындагы кол күрөштө:

    1-орун Абдуманапова Нуриза (ПК)

    2-орун Манапова Сайкал (ЭЮИ)

    3-орун Атабекова Милана (ПК)

Балдар арасындагы кол күрөштө:

    1-орун Абдраимов Алтын (АТИ)

    2-орун Жоробаев Бекболсун (ЖАК)

    3-орун Календеров Барсбек (ПИ) ээлешип сыйлыктар тапшырылды.

Ал эми аркан тартуу оюнунда командалар мелдешип,кыздар жана балдар арасында эң күчтүүлөр өзгөчөлөнүп,1,2,3-орундарды багындырышты.

Жыйынтыктап айтканда,уюштурулган иш-чара спорттук оюндар менен коштолуп өз максатына жетти.Ар бир жаран ден соолугуна өз учурунда  кам көрүү керек  экендигин билди.