1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Медициналык пункт
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

32

Кызамык иледитинин алдын алуу

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин  медициналык пунктунун кызматкерлери- врач Э.Оморбекова жана мед.айым Т.Касымбековалар КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунун 2025-жылдын 5-ноябрындагы №7/547 сандуу каттын негизинде  Манас шаарындагы  №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу менен биргеликте  “Кызамык оорусунун алдын алуу” боюнча Р.Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында студенттерге жана окутуучуларга семинар болуп өттү. Семинардын максаты:Кызамык илдети туралуу маалымат берүү, илдетти алдын алуу болуп саналат. Аталган илдет боюнча №1 үй-бүлөлүк тобунун дарыгерлери Жамийла Худайбердиева, Жамила Абдыкааровалар лекция окушуп, студенттерге слайд, презентациялар көрсөтүлүп, акысыз маалымат  барактары таратылды.  Кызамык оорусу аба аркылуу жана беттик байланыш аркылуу жуккандыктан, эл көп жерде чүчкүрүү, жөтөлүү этикалары түшүндүрүлдү. Кызамык илдетин алдын алууда вакцина чоң роль ойногондуктан, эмдөө тууралуу түшүндүрмө берилди. Студенттер дарыгерге: кызамык менен ооруганда биринчи кайда кайрылуу керек? Оору өтүшүп кетсе эмне болот? Жуктуруп албоо үчүн кандай чараларды көрүү керек? деген суроолорду берип,  тиешелүү жоопторду ала алышты.Мындай иш-чара мындан кийин да уюштурула бермекчи.