1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Медициналык пункт
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

125

"Сергек жашоо -ЖАМУ менен"

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык пунктун кызматкерлери тарабынан ден соолукту чыңдоо жана факультет, колледждер аралык ынтымакты бекемдөө максатында "Сергек жашоо -ЖАМУ менен" аталышындагы спорттук иш чара болуп өттү. Спорттук иш-чарада 100 метрге чуркоо жана эстафеталык оюн уюштурулуп, калыстар тобунун башчысы "Ден -соолук" спорт борборунун директору Низамидин Абдрахимов болду. 100 метрге чуркоо боюнча кыздар арасында: 1-орунду Нурмаматова М (ПК) 2-орунду Жаннаева А (МИ) 3-орунду Жабарова З (ЖАК) ээлешти. 100 метрге чуркоо боюнча балдар арасында: 1-орунду Тологонов С (МИ) 2- орунду Самидинов Н (ЖАК) 3-орунду Токторалиев Р (ПИ) алышты Эстафеталык оюн (400х4) боюнча институт жана колледждер аралык мелдеште 1-орунду Педагогикалык колледжи 2-орунду Медициналык институт 3-орунду Жалал-Абад колледжи алышты.